"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эми КРСУнун студенттери Салык кызматынын иши менен жакындан тааныша алышат

Мамлекеттик салык кызматы менен Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Документке Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана КРСУнун ректору Сергей Волков кол койгонун мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, меморандум студенттердин практикалык даярдыгын уюштурууга, салык органдарынын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана илимий-билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүгө багытталган.

Алмамбет Шыкмаматов бул келишим илим менен практиканын байланышын бекемдөөдө маанилүү кадам экенин белгилеп, студенттер окуу учурунда эле Салык кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтты.

Ал эми КРСУнун ректору Сергей Волковдун айтымында, кызматташтык студенттерге мамлекеттик түзүмдөр менен иштөөдө керектүү кесиптик көндүмдөрдү жана тажрыйбаны алууга шарт түзөт.