Бүгүн, Бишкекте “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы менен ОсОО “Биовит” компаниясынын кызматташуусун кеңейтүү максатында алкактык келишим түзүлдү. Кызматташуунун негизги максаты — Кыргызстанда дары-дармек, медициналык жабдуулар жана фармацевтикалык субстанциялар өндүрүшүн өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана дары менен камсыздоону туруктуу кылуу.
ОсОО “Биовит” компаниясынын башкы директору Абдирахим Бабаев ата-мекендик фармацевтикалык өндүрүштү колдоого багытталган жаңы келишим тууралуу өз оюн билдирди.
Абдирахим Бабаев: «Бул практика мындан ары да өнүгөт деп үмүттөнөбүз”

“Фармацевтика продукциясы дүйнөлүк практикада негизинен өкмөт тарабынан сатып алынат. Биз да ушул жол менен “Кыргызфармациясынын” атынан өнүгүүнү максат кылып жатабыз”, — деди Бабаев.
Кыргызстанда фармацевтика продукциясынын 95 пайыздан ашыгы сырттан импорттолот. Ошондуктан компаниянын башкы максаты — импорттук жүктү азайтуу. Бабаевдин айтымында, бүгүн кол коюлган келишим компанияга дагы да ишеним берип, ата-мекендик өндүрүштү алдыга жылдырууга шарт түзөт.
Кызматташтык келишим эки жылга түзүлгөн. Бул мөөнөт аяктаган соң, башка өндүрүшчү компаниялар менен да келишимдерди түзүү пландалууда.
“Дары-дармек өзгөчө товар жана социалдык мааниси чоң продукция. Ошондуктан ар бир өлкөдө эң негизги сатып алуучу — өкмөт болуп эсептелет. Бул практика мындан ары да өнүгөт деп үмүттөнөбүз”, — деп билдирди Бабаев.
Ал ошондой эле президент тарабынан коюлган ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүү багытындагы маселелерди колдой турганын билдирди.
“Биз ата-мекендик өндүрүштү акырындан, бирок туруктуу түрдө алдыга сүрөп жатабыз”, —деди ал.
Талант Султанов: «Кыргызфармациясы мындан ары узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө аракет кылат»

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Султанов фармацевтика тармагында эки маанилүү максатка жетүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди. Биринчиси — дары-дармектин коопсуздугун камсыз кылуу, экинчиси — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо.
“Пандемия учурунда көп мамлекеттер өз продукциясын чыгарганда чек араларды жаап, экспортту токтоткон учурлар болду. Ал эми биздин 95 пайызга жакын дары-дармектер сырттан келет. Эгер ушундай кырдаал кайра кайталанса, бул чоң көйгөй жаратышы мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү заводдорду колдоо, жаңы ишканаларды ачуу же иштеп жаткан заводдордун кирешесин көбөйтүү — Кыргызстан үчүн чоң жардам болот”, — деди Султанов.
Ал белгилегендей, жергиликтүү өндүрүштү колдоо бир нече жагдайда пайдалуу: биринчи — дары-дармек жеткиликтүү болот, экинчи — жаңы жумуш орундары пайда болот жана жогорку технологиядагы адистердин саны өсөт.
Султанов кол коюлган келишим узак мөөнөттүү мамилелерди түзүүгө багытталганын, бул дары чыгарган өндүрүшчүлөр үчүн пландоо жана инвестициялоо процесстерин жеңилдетерин белгиледи.
“Бул келишим өндүрүшчүлөр келечекте канча инвестиция кыла турганын жана канча дары чыгара турганын пландоого ишенимдүү түрдө мүмкүнчүлүк берет”, — деди ал.
“Аталган эки жылдык келишим башталыш гана. “Кыргызфармациясы мындан ары узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө аракет кылат. Эл аралык тажрыйбага таянсак, Кытайда 5–10 жылдык келишимдер бааларды 90 пайызга чейин төмөндөтүүгө мүмкүн болгон. Европада да узак мөөнөттүү келишимдер бааларды түшүрүүдө эффективдүү курал катары колдонулат”, — деди Султанов.
Ошондой эле, Султанов эл аралык уюмдар менен иш алып барылып жатканын, бул дары-дармектин баасын арзандатууга жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө болоорун кошумчалады.

