"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Кыргыз делегациясы Париждеги белгилүү ооруканага барды

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган делегация Францияда болуп, алдыңкы ооруканын иши менен таанышып келди.

Сапар инсульт, нейрохирургия жана бейтаптарды калыбына келтирүү тармагында тажрыйба алуу жана кызматташтыкты күчөтүү максатында уюштурулду.

Кыргыз делегациясы Париждеги белгилүү Адольф де Ротшильд фондунун ооруканасына барды.

Сапар маалында кыргызстандык адистерге:

  • неврологиялык ыкчам жардам көрсөтүү;

  • инсультка кабылган бейтапты калыбына келтирүү (реабилитация) иштери;

  • оорулууларды туура бөлүмгө туура тартипте багыттоо боюнча маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында ыкчам неврология жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди. Мындан тышкары, эки өлкөнүн дарыгерлеринин ортосундагы тажрыйба алмашууну уюштуруу пландалды.

Белгилей кетсек, Адольф де Ротшильд фондунун ооруканасы (Hôpital Fondation Adolphe de Rothschild, HFAR) Европадагы нейрохирургия, неврология жана офтальмология боюнча алдыңкы борборлордун бири болуп саналат.