Түнкү убакта элге тынчтык берүүгө багытталган мыйзам бардык жерде толук аткарылбай жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга ылайык, саат 22:00дөн кийин бардык той, оюн-зоок иш-чаралары, ошондой эле түнкү клубдар, кафе жана ресторандар ишин токтотушу керек. Анткени жарандарга түнкү саат 22:00дөн 07:00гө чейин тынчтык шарттары камсыздалууга тийиш.
“Тилекке каршы, бул талап аткарылбай жатат. Жакында кесиптешимдин жана бир тууганымдын тою түн жарымга чейин уланды, эч ким кийлигишкен жок. Бул мыйзамдын аткарылбай жатканын көрсөтөт. Мындай учурларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү — акимдер, мэрлер жана облус жетекчилери жооптуу”, — деди Ташиев.
Ал жергиликтүү жетекчилерге катуу эскертүү берип, эгер мыйзам сакталбаса, тойкана жана кафелердин электр жарыгын саат 22:10до өчүрүү тапшырмасын берди.
“Мындан кийин бардык кафе, тойкана, түнкү клуб жана оюн-зоок жайлары 22:00до ишин токтотушу керек. Эгер токтотпосо, жарыгын өчүргүлө. Саат 22:10до бардык тойкана менен кафелердин свети өчүрүлүшү зарыл. Эртеси эртең менен келип жыйнап, тазалашсын”, — деди УКМК төрагасы.

