Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарындагы жаңы спорт комплексинин курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Шаардын 3-кичи районунда салынып жаткан спорт комплексинин жалпы аянты 1320 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде кичи футбол аянтчасы, бокс жана күрөш залдары, машыктыруучулар бөлмөсү жана кийинип-чечинүүчү жайлар каралган. Ошондой эле экинчи кабатында стол тенниси боюнча зал орун алат. Объект 200дөй көрүүчүгө ылайыкталат.
Министр курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө толук бүтүрүүнү тапшырды.
Маалым болгондой, спорт комплекстин курулушу быйыл июль айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган.

