"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Мүлк салыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, Кыргызстанда мүлк салыгын эсептөө тартиби өзгөрдү. 29-октябрдагы мыйзамга ылайык, мүлк салыгы автоматтык түрдө эсептелип, мурдагы айрым маалыматтык эсептерди берүү жоюлду.

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүү жокко чыгарылды. Ал эми жаңы тартип мүлк салыгын жөнөкөйлөтүп, үч гана негизги түрдө эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет:
— турак жай мүлкүнө салынуучу салык (үй жана үйдүн жанындагы жер);
— турак эмес мүлккө салынуучу салык (дүкөн, кеңсе, башка курулуштар жана алардын жерлери);
— айыл чарба жерлерине салынуучу салык.

Салык кызматынын маалыматына караганда, пенсионерлер үчүн жеңилдиктер каралды. Алар үйүнүн жанындагы короо жана багбанчылык жер тилкелери боюнча жеңилдик ала алышат.