"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Энергетика министри быйыл электр энергиясы боюнча көйгөй болбой турганын айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Кыргызстанда электр энергиясы боюнча көйгөй жаралбарын билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстан кышкысын коңшу мамлекеттерден электр энергиясын 3 сомдон сатып алып, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатат.

«Ортодогу айырма кайра эле «Электр станциялары» ишканасынын моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан президентибиз «импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула» деген тапшырма койгон»,- деп жазды министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Ибраев 2028–2029-жылдары кышында импорттолгон энергиядан толук баш тартуу пландалып жатканын, ал эми келерки жылы мамлекет карыздан арылып, кирешеге чыга баштай турганын кошумчалады.