"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маанилүү

Кыргызстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрлери жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 19-20-ноябрь күндөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон расмий сапары өтүүдө.

Сапардын алкагында Ван И менен Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкка жана айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле БУУнун алкагындагы өнүктүрүү жана кызматташтык маселелери, «Бир алкак, бир жол» демилгеси жана «Борбор Азия – Кытай» форматы боюнча сүйлөшүштү.

Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин Стратегиялык диалогунун биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө жана 2026-2027-жылдарга Кыргызстан жана Кытайдын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду.