"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Борбордук аянтка жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы орнотула баштады.

Быйыл майрамдык балаты Манастын эстелигинин жанына жайгаштырылат. Учурда адистер балатынын каркастарын чогултуп, айланасын кооздоого даярдап жатышат. Андан соң балатынын өзүн жасалгалоо башталат.

Декабрь айынын башында жаңы жылдык балаты жарыктарынын салтанаттуу түрдө күйгүзүлүшү күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, былтыр, 2024-жылы шаар мэри Айбек Жунушалиев салтанатты 14-декабрда өткөргөн.