"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Ислам шериктештиги оюндары: Арууке Кадырбек кызы коло медалдын ээси болду

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандык балбан Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси болду.

Спортчу мелдешке 53 кг салмак категориясында катышты. Ал 3-орун үчүн болгон беттеште Индонезия мамлекетинин балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Сауд Аравия Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат.