"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

БШК: Жалпы 378 эл аралык байкоочу аккредитацияланды

2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 19-ноябрда дагы 81 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү катталды:

  • Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын;
  • Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
  • Венесуэла Боливариандык республикасынын Улуттук шайлоо органынын;
  • Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын;
  • Россиянын Коомдук палатасынын;
  • Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын;
  • Түрк мамлекеттеринин уюмунун;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү.

Учурда мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.