"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом Маанилүү

Кыргызстанда сасык тумоо күч алды

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо күч алганын билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында бейтаптардын саны акыркы күндөрү тез көбөйүп, орун жетишсиз болуп калды.

Башкы дарыгердин орун басары Нургүл Тургуналиевна учурда ооруканада 565 бейтап дарыланып жатканын, имарат 500 орунга эсептелгендиктен, 65 адам коридорлорго жаткырылганын айтты. Алардын 510у балдар. КРВИ диагнозу менен кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан 8 бейтап бар.

«Бир сутка ичинде кайрылгандардын саны кескин өстү. Балдар арасында оорунун жайылышы өзгөчө күч», — деди дарыгер «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде.

Сасык тумоо Кыргызстанда гана эмес, коңшу өлкө Казакстанда дагы күч алууда. Sputnik Казакстандын маалыматына караганда, өлкөдө айрым мектептер онлайн окууга өттү.