"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООДОГУ 9 БАГЫТ

Кыргызстан 2020-жылдан баштап демократиялык өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен шайлоо мыйзамдары толукталып, ар бир жаран өз добушунун баалуулугун сезе турган шарттар түзүлдү. Мурда шайлоо учурунда көп сындалган административдик ресурс, купуялуулукту бузуу, шайлоочуларга кысым көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөргө жол бербөө боюнча мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлдү. Бул кадам өлкөдө бийликти мыйзамдуу, элдик легитимдүүлүк аркылуу калыптандырууга болгон аракет экенин айтпай коюуга болбойт. Президенттин негизги максаты, 2020-жылга чейин солгундап кеткен элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүү. Таза шайлоо – бул эл менен бийликтин ортосундагы жаңы келишим, жаңы ишеним деп айтсак жаңылышпайбыз.

АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРС КОЛДОНУЛБАЙТ

Мурдагы шайлоолордо бийликчил партиялар административдик ресурстарды ачык эле колдонуп, карапайым калк арасында нааразычылыктарды жаратып, эң көп талкууланган маселелердин бири болгону эч кимге жашыруун эмес. Бул жолку шайлоо кампаниясында бул практика кескин токтотулганына күбө болуп жатабыз. Мамлекеттик кызматкерлерге, жергиликтүү жетекчилерге, акимдерге жана бюджеттик мекеме өкүлдөрүнө үгүт иштерине катышууга тыюу салынып, алдын-ала эскертүү берилди. Мунун мааниси, бийликтин нейтралдуулугу сакталып, шайлоо өнөктүгүндө жарандардын тандоосуна бийлик тарабынан кийлигишүү жоюлат. Ар бир талапкер өзүнүн программасынын негизинде, билим деңгээлине таянып эл менен түз байланыш аркылуу гана добуш топтой алат. Бул шайлоонун адилеттүүлүгүн камсыздаган негизги фактор десек болот.

ҮГҮТ ИШИНЕ АРАЛАШПАЙТ

Мыйзам катаал, бирок ал мыйзам: мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер шайлоо өнөктүгүнө катышса, кызматынан бошотулат. Мындай чаранын максаты – мамлекеттик институттарды саясий нейтралдуулукта кармоо. Шайлоо – бул партиялардын, талапкерлердин жана элдин ич ара мамилеси аркылуу тандоо. Аткаруу бийлиги шайлоодо эч кимге жардамчы же каршылаш болбошу керек. Мындай принцип элдин бийликке болгон ишенимин чыңдап, мамлекеттеги саясий маданияттын дагы да өнүгүп, бийик деңгээлде калыптануусуна алып барат.

ДОБУШ САТЫП АЛУУ – КЫЛМЫШ

Добуш сатып алуу – демократиялык принциптерге туура келбейт. Мыйзам боюнча бул кадам эми ачык кылмыш катары каралат. Эң маанилүүсү, сатып алуу деген түшүнүк кеңири чечмеленди. Талапкерлер тарабынан сый тамак берүү, концерт уюштуруу, азык-түлүк же материалдык жардам берүү, кайрымдуулук иши аркылуу добуш суроо сыяктуу көрүнүштөр мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бул чектөө элдин аң-сезимин, добуш сатылбай турган бийик тандоо экенин далилдеш үчүн маанилүү. Өз добушун сатуу – өз келечегин сатуу менен барабар экенин ар бир шайлоочу түшүнүшү керек.

БИЙЛИК ЭЧ БИР ТАЛАПКЕРДИ СҮРӨБӨЙТ

Бийлик бейтарап позицияны карманып, бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түздү. Бул – чындап атаандаштыкка негизделген саясий чөйрөнү түзүүдө жаңы барактын ачылганынын далили. Шайлоо комиссияларынын иши толугу менен ачык жүргүзүлүүдө, байкоочулар үчүн шарт бар, добуш берүү процесси видеобайкоо менен коштолот. Бул өз кезегинде элдин ишенимин жогорулатып, өлкөдөгү шайлоо системасынын кадырын көтөрөрү талашсыз.

АЯЛДАР ҮЧҮН КВОТА

Бул шайлоонун өзгөчөлүгү – 90 мандаттын кеминде милдеттүү түрдө 30у аялдарга берилиши керек. Ар бир округдан шайланып келе турган үч талапкердин бири сөзсүз аял болушу шарт. Мындай тажрыйба дүйнөдө өтө сейрек кездешет. Бул – Кыргызстандын аялдардын коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусуна болгон колдоосу экенин шардана белгилесек болот. Аялдар саясатка келгенде коомдогу адилеттүүлүк, социалдык жоопкерчилик жана адамдык баалуулуктар күчөйт. Бул – өлкөнүн моралдык жана демократиялык деңгээлин жогорулатууга болгон кадам, – деп айтсак болот.

КАЙРА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛБӨЙТ

Мурда бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат кызматтан кеткенде же башка себеп менен ордун бошоткондо кайрадан шайлоо өткөрүлүп, мамлекетке кошумча чыгым алып келчү. Эми жаңы система боюнча мандат автоматтык түрдө ошол округдагы кийинки көп добуш алган талапкерге ыйгарылат. Бул чечим – каржылык үнөм, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана парламенттин туруктуулугун камсыз кылуу жолу. Эми эл өкүлдөрүнүн орду ар дайым толук болот, мамлекет да арзан, натыйжалуу иш алып барат.

КААЛАГАН УЧАСТОКТОН ДОБУШ БЕРЕ АЛАСЫЗ

Технологиялык жаңылык – шайлоочулар эми өз аймагында гана эмес, өлкө ичиндеги каалаган шайлоо участогунан добуш бере алышат. Бул система биометрикалык идентификация аркылуу иштейт. Жаран паспортун көрсөтүп, автоматтык түрдө өзүнүн катталган дарегиндеги талапкерлердин бюллетенин ала алат. Бул ыкма – мигранттар, студенттер жана иш сапардагы жарандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Демек, элдин шайлоого катышуусу кеңейет, ар бир жаран каалаган жеринен өз талапкерине добуш берүүгө ээ болот.

БИР ОКРУГДАН ҮЧ ДЕПУТАТ

Жаңы система пропорционалдуу жана өкүлчүлүктүү балансты камсыз кылат. Ар бир округдан үч депутат шайланат, бирок ар бир шайлоочу үч талапкердин бирөөнө гана добуш бере алат. Бул ыкма шайлоочунун тандоосун так көрсөтөт, элдин ишенимин реалдуу бөлүштүрүүгө жардам берет. Натыйжада парламент көп түрдүү көз карашты камтыган, элдин чыныгы үнүн алып жүргөн органга айланат деген үмүт бар. Жогорку Кеңештин жаңы шайлоо эрежелери – Кыргызстандын демократиялык институттарын чыңдоого, эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө багытталган аруу тилек, чечкиндүү кадам.

Эң негизгиси, бул реформалар элдин саясий аң-сезимине жана жарандык жоопкерчилигине таасир этери бышык.Таза шайлоо – таза келечекке багытталган жол. Ар бир жаран өз добушун, өз тагдырын коргоп, сактай билиши керек.

Бахпурбек Аленов