Бүгүн, 21-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 10 кызматтык унааны тапшырды.
Маалыматка ылайык, унаалар оор абалдагы бейтаптарга жардам көрсөтүүдө нөөмөттүк бригадалардын ыкчамдуулугун жогорулатат.
Белгиленгендей, буга чейин Ташиевдин демилгеси менен борбордун 4 400 чарчы аянты 1995-жылдан бери биринчи жолу толук реконструкцияланып, жаңы асфальт, жарыктандыруу жана жашылдандыруу менен камсыздалган.
Мындан тышкары, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борборго республикада аналогу жок заманбап медициналык жабдуулар (эндоскопиялык УЗИ, видеогастроскоп жана башкалар) жана Тыналиев көчөсү менен бириктирген жаңы жол курулган.

