БШК 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоочулардын такталган тизмесин жарыялады. Ага ылайык, өлкө боюнча 4 млн 294 миң 243 жаран добуш берүү укугуна ээ.
Алардын ичинен:
-
Эркектер — 48,47% (2 081 514 жаран);
-
Аялдар — 51,52% (2 212 729 жаран).
Шайлоочулар өздөрүн тизмеден төмөнкүлөр аркылуу текшере алышат:
- 1255 жана 119 номурлар
- Өз шайлоо тилкесинен
- tizme.gov.kg сайты
- ПИН-кодду 119 номурга акысыз СМС менен жөнөтүү
Маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын базасынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкесине илинет.

