"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Апрель айынан тарта дарыгерлердин айлыгы 50%га чейин жогорулайт

2025-жылдын апрель айынан баштап дарыгерлердин жана жалпы саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Эркин Чечейбаев учурда тармактагы орточо айлык 23 миң сом экенин, индексациядан кийин 35–36 миң сомго чейин чыгарын билдирди. Ал ошондой эле тажрыйбасы жогору жана тоолуу аймактарда иштеген дарыгерлердин айлыгы 100 миң сомго чейин жетерин белгиледи.