Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрына тиешелүү 0,15 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен. Ал соттун чечими менен кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Театр жетекчилиги жер тилкесинин мыйзамсыз жеке тараптын менчигине өтүп кеткенин аныктап, аны кайтаруу үчүн сот органдарына кайрылган. Иш Нарын шаардык жана Нарын облустук административдик сотторунда каралды.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги соттун чечиминин негизинде 2025-жылдын 18-ноябрында 0,15 га (наркы болжол менен 33 млн сом) жер тилкесин курулмасы менен мамлекеттик менчикке кабыл алып, театрдын ыкчам башкаруусуна өткөрдү.

