Сейсмология институтунун маалымат кызматы кабарлагандай, 23-ноябрда саат 19:42де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Сары-Телегей айылынан 4 чакырым түштүктө, Токтоян айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 40 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Ал Сары-Телегей, Токтоян, Ак-Чий, Кең-Суу айылдарында 3 баллга жеткен.

