Күн мурун, 23-ноябрда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Адахан» аттуу шахта урап, анын ичинде калган төрт адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Куткаруу кызматынын маалыматына караганда, кырсык 110 метр тереңдикте болгон. Адистер жер алдында калган кенчилерге дем алуу үчүн атайын түтүк аркылуу аба жеткирип, урандыларды тез арада тазалоого киришкен.
Натыйжада 4 кен казуучу саат 23:05те аман-эсен куткарылды.

