"Эркин-Тоо"
Экономика

Салык кызматы жана JICA аралыктан окутуу системасы боюнча долбоорун талкуулашты

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Немото Наоюки менен жолугушуп, биргелешкен «Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу» долбоорунун жыйынтыктарын талкуулашты. Бул тууралуу аталган ведоствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Ильяз Иманбетов JICAнын фискалдык орган үчүн актуалдуу долбоорду өз убагында ишке ашырууга кошкон салымын жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртууга мүмкүндүк бергендиги үчүн JICA жетекчисине “Салыктык кызматташтык үчүн” медалын тапшырды.

Иманбетовдун айтымында, долбоор салык кызматкерлеринин жана салык төлөөчүлөрдүн аралык форматында ийгиликтүү окутууга мүмкүнчүлүк берет. Эске салсак, 2020-жылдын аягында Салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу боюнча кыргыз-япония үч жылдык долбоору аягына чыгып, Салык кызматына окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча алган көндүмдөр кызматкерлер үчүн окуу процесстерин мындан ары уюштуруу жана жүргүзүү боюнча бардык ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген. Долбоордун алкагында салык органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле орто-атайын жана жогорку окуу жайлардын студенттерин аралыктан окутуу системасы киргизилген.
Долбоор аркылуу салык кызматкерлери смартфон, ноутбук жана жеке компьютердин жардамы менен квалификацияларын жогорулата алышат.