Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарына 11 автобус жана 10 атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Автобустар жана техникалар шаарга 34 атайын багыттагы техникаларды сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде берилди.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Нарындын транспорт жана курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү максатында президенттин турукташтыруу фондунан Нарын шаардык мэриясына 250 млн сом каражат, анын ичинен 230 млн сому атайын техникага бөлүнгөн.

