"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Москва райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 25-ноябрда, Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды. Салтанатты Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев ачты.

Башкы прокурордун айтымында, жаңы имараттын пайдаланууга берилүүсү жарандарды ыкчам жана сапаттуу тейлөөгө, кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Максат Асаналиев аймактарда прокуратура органдары үчүн дагы бир катар имараттар жана кызматтык үйлөр курулуп жатканын кошумчалады.

«Учурда өлкөбүздөгү прокуратура органдары үчүн дагы бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Бул өлкө жетекчилигинин укук коргоо тутумун чыңдоого жана прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көрүп жаткан зор камкордугунун айкын далили болуп саналат», — деп белгиледи ал.