"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри «Достук» ордени менен сыйланды

Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге Казакстандын президентинин атынан II даражадагы «Достук» орденин тапшырды. Сыйлык Ошто өткөн президент Касым-Жомарт Токаевдин «Атам жөнүндө баян» китебинин бет ачарында ыйгарылды.

Аида Балаева сыйлыкты тапшырып жатып, мэрдин элдер ортосундагы достукту чыңдоого жана маданий байланышты бекемдөөгө кошуп жаткан салымын белгилеп, Ош шаарында жасалган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган «Бауыр» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.