"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Владимир Путин Кыргызстанга келди

Бүгүн, 25-ноябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келди.

Россиянын президентин «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров расмий протоколго ылайык тосуп алды. Аэропортто ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн желектери көтөрүлдү.

Сапардын алкагында эки лидердин эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашы жана бир катар документтерге кол коюшу күтүлүүдө.