"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Ош: «Сайран» сейил багы ачылды

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө «Сайран» эс алуу багы ачылды. Ачылыш аземине мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сейил бакта жайкы сахна, отургучтар, тапчандар, балдар ойноочу аянтча жана башкалар орнотулду. Аймак толугу менен жашылдандырылып, милиция пункту жана ажаткана коюлду.

Эске салсак, сейил бакка чейин бул жерде кафе-ресторандар, соода жайлары жана гүл дүкөндөрү жайгашкан. Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен мыйзамсыз курулуштар алынган.