Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлагандай, Бишкекте айына 100 миң чарчы метрден ашуун ковролин чыгарган ишкана ишке кирди.
Маалыматка ылайык, ишканага Түркиядан алып келинген атайын жабдуулар орнотулду. Жалпы инвестициялардын көлөмү болжол менен 300 млн сомду түзөт, алардын ичинен 1 млн АКШ долларын Кыргыз–Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылады.
Алгач Борбор Азия жана ЕАЭБ рынокторуна багытталган ковролиндин төрт түрү чыгарылат. Ишкананын базасында 30 жаңы жумушчу оруну түзүлдү.

