Жалпысынан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2025-жылга пландалган иш-чаралар ийгиликтүү аткарылды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга карата ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары аныкталып, тиешелүү милдеттер белгиленди.

