Өлкөдө таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктагандыгын айткан Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков күйгүзүлгөн таштандынын күлүнөн курулуш материалдары жасаларын билдирди.
Орунбеков өз сөзүндө бул тууралуу кененирээк мындай деди:
«Бишкектеги таштанды полигону дээрлик 50 жылдан ашуун убакыттан бери, СССР мезгилинен бери толуп, күйүп-түтөп, шаарды каптаган экологиялык чоң көйгөй болуп келген. Ал жерде темир-тезек чогулткан адамдар ар кандай илдеттерге кабылып, таштандылардан учкан желим баштыктар айлана-тегеректеги талааларды каптап, карга-кузгун мекендеген жагымсыз аймакка айланган эле.
Президенттин тапшырмасы менен бул маселени чечүү иштери алгач полигондо күйүп-түтөп жаткан өрттү толук өчүрүүдөн башталды.
Андан соң таштандылар топурак менен көмүлүп, рекультивация жүргүзүлүп, бак-дарактар отургузулду.
Кийинки этапта таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу тапшырмасы коюлуп, буюрса, заводдун курулушу толук аяктап, азыр ишке кирди. Жакын арада расмий ачылышы болот.
Бишкек шаарында суткасына болжол менен 1000 тоннадай таштанды чогулат. Заводдун күнүнө 1200 тонна таштандыны кайра иштетүү кубаттуулугу бар. Ал эми таштандыны кайра иштетүүнүн натыйжасында 30 МВт электр энергиясы өндүрүлөт. Күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгы болгон күлдөн курулуш материалдары чыгарылат.
Ошентип, Бишкек шаарында таштандыларды толугу менен жок кылып, анын калдыктарын да курулуш материалына айланткан заманбап завод курулуп бүттү. Мындай завод эми башка ири шаарларда дагы курулат.
Мамлекетибизде мына ушундай жакшы иштер, алдыга жылуулар болуп жатат.»

