Кыргызстандагы 1 миң айылга күндөн энергия алуучу станциялар орнотулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тоң районундагы атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.
Ташиевдин айтымында, ар бир айылга күнүнө 1 мегаваттка чейин энергия берүүгө жөндөмдүү күн станциялары орнотулат жана алар күндүз 6-7 саат, түнкүсүн 2 саат электр энергиясын берет.

