– Жылдызбек мырза, жакында Бүткүл Элдик Курултай өтөт. Сиз Курултай институту түзүлгөндөн тарта активдүүлүк көрсөтүп, эки жолу делегат болгонсуз. Азыр эл арасында “Бул институт өзүнүн натыйжасын берип жатабы?” деген собол коюлуп жатат. Жыйындарга катышып жүргөн жаран катары бул суроого кандай жооп айтар элеңиз?
– Кыргыз элинин тарыхында Курултай институту чоң мааниге ээ болуп, улуттук маселелер чечилген аянтча болгон. Манас бабабыз Курултай чакыртып эң чоң маселелерди чечкендигин билебиз. Убагында Аскар Акаев да бул жолго келүүгө аракет кылды. Курманбек Бакиев да институтту иштетип көрүүгө аракеттенди. Бирок, ал аракеттер тийиштүү деңгээлде ишке ашкан эмес. 2020-жылы гана Садыр Жапаров Курултайдын чыныгы үлгүсү кандай болуусу керектигин көрсөтүп, Конституциялык мыйзам менен бекитип, азыр жыйын жыл сайын туруктуу түрдө өтүп келе жатат. Курултай азыр көзөмөл жана сунуш берүүчү орган катары иштейт. Мен 2-3-Курултайдын делегаты болгонмун. Ошол эки жыйналышта айыл жерлеринде, аймактардагы аткарылбай калган маселелер тууралуу айтылып келди. Президент делегаттардын кайрылууларын өзү угуп, тапшырмаларды берип жатты. Бул эң сонун көрүнүш. Мамлекет Башчыбыз Курултайды эмнеге чакыртты? Дал ушул себеп менен да. Ал элдин арасынан чыккандардан калк арасында кандай жашоо болуп жаткандыгын өзү биринчи булактан уккусу келет жана түздөн-түз маселени чечүү тапшырмасын берүүнү каалайт. Мына быйыл да делегаттарды тандоо жүрдү. Бирок, ачыгын айтканда кээ бир аймактарда активисттер татыктуу талапкерди эмес, өзүнө караштуу адамды шайлап койгон учурлар болууда. Эл дагы тандоолорго активдүү катышпай жатат. Бирөөнүн жакыны делегат болгону адашууга алып барышы мүмкүн.
– Тандоо жүргүзүү боюнча сиздин кандай сунуштарыңыз бар?
– Делегаттарды тандоо системасын өзгөртүү керек. Мисалы, 4 Курултай өтсө ошого төртүнчү жолу келгендер бар. Ушул жагына чектөө койсок. Жаңылануу аз болуп жатат. Улуу муунга басым жасалууда. Президентибиз 2 күн ошол жерде аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлиги менен кошо келип делегаттарды угат. Бирок, баарына сөз жетпейт. Улуу муундагылар сүйлөбөсүн дебейм бирок, жаштарга да орун берип, алардын да оюн угуу зарыл.
– Сиз эл алдында кандай маселелерди көтөрдүңүз эле?
– Өлкөдө дача статусундагы айылдар көп. Алар азыр кадимки айылдарга айланган. Мен Дача СУ боюнча маселе көтөргөм. Президент ошондо Дача СУга өзү барып кетээрин айткан. Ошентип макам берилип, маселе чечилди. Андан тышкары Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсүнүн жасалып бүтүшү боюнча сөз козгогом. Бирок, ал ишке ашкан жок. Новопавловкадагы Алтын-Ордо конушуна автобус киргизүү маселесин көтөргөм. Ал көйгөй дароо чечилди. Мына быйыл да биздин аймактан эки делегат кетип жатат. Алар да баягы эле жол, мектеп сыяктуу маселелерди козгоого даярданышууда. Буйруса, маселелерибиз чечилет деп ойлойм.
Жазгүл Кенжетаева

