"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кайсы округдарда жарандар шайлоого активдүү катышууда?

Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрындагы шайлоого саат 18:00гө карата көрсөткүч боюнча 1 млн 330миң 602 жаран катышты жана бул 31%ды түздү.

Жогорку көрсөткүч катары №4, №10, №13, №30 шайлоо округдары белгиленди. Анда шайлоого катышуунун көрсөткүчү 40%дан жогору. Ал эми Бишкектеги шайлоо округдарында эң төмөнкү көрсөткүч болууда. Анын пайыздык көрсөткүчү 25%дын тегерегинде.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 10-ноябрынан тарта шайлоого карата үгүт иштери башталган. БШК тарабынан жалпысынан 467 талапкер катталган. Бирок 7 талапкер катышуудан баш тартты, бүгүнкү күндө 460 талапкер шайлоого катышууда.