"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Жаш манасчылардын кароо-сынагында кимдер байгеге татыды?

Президенттин «Улуттук дем —дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жөнүндөгү жарлыгына ылайык, Топчубек Тургуналиевдин жаркын элесине арналган жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.

Иш-чарага өлкөнүн 7 дубанынан келген жаш манасчылар катышты. Сынак эки баскычта өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөр:

Баш байге — Макулбеков Бактияр

1-орун — Эркинбеков Улукмырза

2-орун — Сапарбеков Нуртилек, Бердикулов Касымбек

3-орун — Кенжебеков Элмар, Мирлан уулу Уларбек

16 жашка чейинки манасчылар арасында

Баш байге — Ыдырысов Арсен

1-орун — Асангулов Баймырза

2-орун — Жолочиев Саид

3-орун — Тынчтыкбеков Ариет, Жалиев Ариет

Атайын сыйлыктар:

Уркаш Мамбеталиев атындагы атайын сыйлык — Анарбеков Узарбек

Сейдене Молдоке кызы атындагы атайын сыйлык — Абасбек кызы Аккыз