"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Көмүрдү ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Өкмөт өлкөдөн көмүрдү жарым жылга сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт.

Бул боюнча Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Бажы кызматына жана УКМКнын Чек ара кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.