"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Он бир айда 562,5 тонна жүк өлкөгө киргизилген жок

Кыргызстанга фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 562,5 тонна жүк киргизилбей, артка кайтарылды. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдады.

2025-жылдын январь–ноябрь айларында жалпы 35 мыйзам бузуу аныкталып, алардын курамына ар кандай жүктөрдөн тышкары 70 миңден ашык көчөт, 11 миңден ашык гүл жана 136 м³ пиломатериал кирген. Жүктөргө мыйзамга ылайык кайтаруу, жок кылуу же зыянсыздандыруу чаралары колдонулган.

Департаменттин билдирүүсүндө, фитосанитардык көзөмөл — өлкөнүн аймагына зыяндуу организмдердин кирүүсүн алдын алуу жана өсүмдүк чарбасын коргоо боюнча маанилүү механизм.