Кыргызстанда 8–10-декабрь күндөрү жаан-чачындын айынан бир катар тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болот. Бул тууралуу ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көчкү төмөнкү жолдорго түшүшү ыктымал:
— Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68–74-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
— Красная Горка – Ак-Таш жолунун 0–3-чакырымдары;
— Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 65–110-чакырымдары.
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн болгондуктан, айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону сунуштады. Ошондой эле жолго чыгуучулар дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, ысык суу жана дары-дармек алып жүрүшү керек экендигин эскертип, кырсыкты же кооптуу жагдайды көргөн жарандар 112 кызматына дароо чалышы керектигин айтты.

