"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Эски автобекеттин жанындагы 6 объект алынууда

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги 6 объект алынууда.

Маалымат боюнча, бул иштер комиссиянын чечими менен ижара мөөнөтү аяктаган объекттерге карата жүргүзүлүүдө. Демонтаждан кийин №23 мектептин жанындагы 700 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, ал аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, 2025-жылдын ноябрь айына карата жалпысынан 9 000ден ашык объект демонтаждалган.