Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 63 чакырымына, тагыраагы Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын шаарына чейинки аралыкка 1 595 күн чырагы орнотулду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Долбоор «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду жыл сайын бөлүп келген каражаттын эсебинен каржыланды.
Облус бийлиги долбоор жол кырсыктарынын санын кыскартуу максатында ишке ашырылгандыгын белгиледи.

