Кыргыз Өкмөтү радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүн 1995-жылы 23-декабрда расмий негиздеген. Бул күн биринчи жолу 1996-жылы белгиленген.
1958-жылы телестудиянын имараты пайдаланууга берилип, ошол эле жылы 8-декабрда кыргыз телекөрсөтүүсүндө биринчи маалыматтык программа эфирге чыккан.
Алгач телестудия жумасына төрт жолу эфирге чыгып, программалар бир сааттык гана убакытты түзгөн. Берүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде, кара-ак түстө көрсөтүлгөн.
1979-жылы өлкөнүн дээрлик бардык калктуу пункттары суткалык телекөрсөтүүлөрдү көрө баштаган.
Азыркы учурда Кыргызстанда жалпы 60 телеканал жана 20 радиостанция иштеп жатат.

