"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ДОСААФтын ТАГДЫРЫ КАНДАЙ БОЛООР ЭКЕН?

Өлкө жетекчилигинин жеке менчик автомектептерди жабуу, “келечектеги айдоочуларды даярдоо 14 айлык окуу мөөнөтү менен мамлекеттик мекемелерде гана өткөрүлөт” — деген чечими бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Жолдорубузда болуп жаткан күнү кур эмес автокырсыктарды эске алганда, катаал чараларды көрүү, албетте, түпкүлүгүндө эң туура. Өлкө башчыбыздын мындай чечими бардык автомектептерге толук тиешелүүбү? Андай болсо бул чечим 100 жылдык тарыхы бар, мамлекетке зор кызматы сиңген Кыргыз Республикасынын Спорттук-техникалык коргонуу уюмун (СТКУ) биротоло жок кылбайбы? — деген маселени талкуулап, коомдук пикирге алып чыгуу бир эседен мезгилдин талабы болууда. Баарынан да Кыргыз Республикасынын Спорттук-техникалык коргонуу уюму азыркы кезде кандай абалда экенин жана легендарлуу ДОСААФ Советтер Союзу тарагандан кийин оор мезгилди кантип басып өткөнү баарыбыз үчүн жана окурмандарга деле кызык болсо керек…

Өлкөбүз эгемендикти алганы бир кездегидей Москвадан техника, жабдуулар, эң башкысы кызматкерлерди, имараттарды, курулуштарды жана башка мүлктөрдү тейлөөгө багытталган баштагыдай каржылык каражаттар түрүндөгү субсидиялар түшпөй калды. КРнын ДОСААФы коомдук уюм болгондуктан, өзүн-өзү каржылоого жана мамлекетке эбегейсиз зор салыктарды төлөөгө, жалпы чыгымдарга каражат табууга мажбур болду. Мунун баары албетте, ДОСААФтын жетекчилигине көтөрө алгыс оор жүк болду. Мындай шартта эмгек акы албаган жогорку кесипкөй кадрлардын алды соода-сатыкка өтүп, айрымдары жан багуу үчүн ишкерчиликке ык коюп кетишкенин кайда катабыз? Бул жагдай Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн адистерди даярдоонун сапатынын төмөндөшүнө алып келди. Айрыкча, авиаторлор, парашютисттер, аскер-деңиз флоту үчүн адистер талап кылынбай калды. ДОСААФтын катарында чыныгы патриоттор гана калышты. Дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды даярдаган мекемелер биринин артынан бири жабыла баштады. ДОСААФтын мекемелери каржылык кыйынчылыктардан улам салыктарды төлөй албагандыгынан, мурда бөлүнгөн жер тилкелерин Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын мэрияларына жана айыл өкмөттөрүнүн администрацияларына кайтарып бере башташты. ДОСААФтын негизги бөлүктөрүн сактап калуу үчүн кезек техника жана башка мүлктөрдү сатууга аргасыздыкты жараткан. Ушундай оор мезгилде 1998-жылы Кыргыз Республикасынын ДОСААФын 1987-жылдан баштап жетектеп келе жаткан вице-адмирал М.С.Темиров каза болот. Легендарлуу инсан Темировдун дүйнөдөн кайтышы менен уюмдун кыйроосу бир кадам алдыга жакындагандай түс берет. Ошол убакта ДОСААФты мындан ары ким жетектейт? Түзүлгөн оор кырдаалдан ким сактап кала алат? — деген соболдор бул уюмдун айланасында актуалдуу болуп турган. Акыры жаңы жетекчини шайлоо үчүн кезексиз съезд чакырылат. Жетекчиликке бир нече татыктуу талапкерлер көрсөтүлүп, алардын арасынан Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Академиясын жаңы бүтүргөн жаш, энергиялуу генерал-майор Кошонов Анарбек Айтышевич тандалып алынган. Анарбек Айтышевич 1975-жылы Советтер Союзунун маршалы И.С.Конев атындагы Алма-Атадагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын бүтүргөн. 1988-жылы Москва шаарындагы М.В.Фрунзе атындагы Аскердик академияны ийгиликтүү аяктаган. СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө офицердик кызмат өтөө мезгилинде окуу-чалгындоо взводунун, ротанын, батальондун командири, полктун командиринин биринчи орун басары – штаб башчысы кызмат орундарын аркалап келген. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ДОСААФтын курамында жетекчилик кызматтарында иштеген. Россия Илимдер Академиясынын педагогика жана социалдык илимдери боюнча мүчө-корреспонденти илимий наамы, дөңгөлөктүү жана каз тамандуу машинелерди оңдоочу инженердик кесиби да бар эле.

Ошол жылдары ДОСААФтын төрагалыгын кабыл алгандан кийин Анарбек Айтышевич коомдук бирикменин экономикалык, саясий жана юридикалык абалын изилдеп чыгып, биринчи кезекте укуктук статусун иретке келтирет. 1999-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Ал мыйзамда мамлекеттик эмес уюмдарга жеке менчикке мүлк алууга укук берүү каралган. Бул мыйзамдын негизинде ДОСААФтын бардык мекемелери өздөрүнө тийиштүү менчик жерлерге мамлекеттик актыларды алышкан. 2000-жылы уюмдун жаңы Уставы иштелип чыгып, съезддин жыйынында кабыл алынып, Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Спорттук-техникалык коргонуу коммерциялык эмес коомдук уюму катары каттоодон өтөт. Ал ортодо салык мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин гана СТКУ салык системасына чоң жүк болбой калды.

Соңку жылдары мамлекеттин негизги душмандарынын бири — жеке менчик автомектептер пайда болуп, алардын саны кескин көбөйүп кетти. Советтик мезгилде айдоочуларды жалаң гана ДОСААФ, ыктыярдуу айдоочулар уюму жана кесиптик орто окуу жайлары даярдап, алар бул милдетин так аткарып турушкан. Акыркы жылдарда СТКУнун демилгеси менен мамлекеттик жол көзөмөлдөө жана “Унаа” кызматтарынын, лицензиялык бөлүмдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир топ илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү. Ал жерде дагы жолдо жүрүү эрежелерин бузуунун натыйжасында жол кырсыктарынын көбөйүп бараткандыгы жөнүндөгү маселелер такай көтөрүлүп турчу.

Жеке уюмдардын негизги максаты киреше таап, жеке капчыктарын кампайтуу экени айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми СТКУнун максаттары — тапкан кирешесин мамлекет менен эсептешүүгө, кызматкерлердин маяналарын төлөөгө, андан калган каражаттары Аскердик-мекенчилдик клубдары аркылуу жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого, аларды аскерге кызмат кылууга даярдоого жумшалат. Ошондуктан, Президентибиздин жолдордогу адам өмүрлөрүн сактап калуу, айдоочуларды сапаттуу даярдоо жана менчик автомектептерди жабуу боюнча чечимин жалпы СТКУнун кызматкерлери терең түшүнүү менен кабыл алышты. Кандай болгон күндө да бул маселе коомдук талкуулоого салыныш керек. Аныгында СТКУнун автомектептерин башка сапатсыз жеке менчик автомектептердин катарында жаап салуу маселеси дагы тереңирээк изилденип, тактоого муктаж. Бул жагынан шашылыш чечим кабыл албоо зарыл.

Азыркы тапта 30-40 жылдан бери эмгектенип келе жатышкан жогорку кесипкөй айдоочу-инструкторлордун, жол эрежелерин жана автомобиль түзүлүштөрү боюнча сабак берип келе жаткан мугалимдердин, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялап, аларды аскердик милдетин өтөөгө даярдап жаткан аскердик-патриоттук клубдарынын жетекчилеринин келечек тагдырлары кандай чечилээр экен? Мындай суроо учурдун актуалдуу маселесине айланган чагы.

Айрыкча, СТКУнун өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында ийгиликтүү иштеп жаткан 44 мекемеси, алардын бир тыйындап чогултуп жүрүп куруп алышкан 2, 3, 4 этаж заңгыраган, заманбап кымбат баалуу жабдыктар менен жабдылган автомектептери, автомобилдери, автодромдору, спорттук, аскердик аянтчалары, спортзалдары, быйылкы жылы ачылган дагы кошумча 5 мекеменин иштеринин токтотулуп калынышы соңку жылдардагы мамлекетибиз дүркүрөп өнүгүү жолунда кетип бара жатканда абдан аянычтуу көрүнүш.

СТКУнун эң негизги максаты – бул жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, Куралдуу Күчтөрүбүздү жогорку деңгээлде даярдалган жаш жоокерлер менен толуктоого көмөктөшүү. Ал эми автомектептердин иштеши бул ошол максаттарды толук кандуу аткарууга багытталган каржы булагын табуу болуп эсептелет. Ошондуктан, бул уюм өзүн-өзү каржылоонун негизинде акыркы 20 жыл аралыгында табылган каражаттар менен 36 жаңы заманбап мекенчилдикке тарбиялоо жана кесиптик-техникалык билим берүү Борборлору курулган. Ал жерде аскерде кызмат кылууга даярдык көрүп жатышкан аскердик-патриоттук клубдарынын курсанттары билим алышат. Ошондуктан, СТКУ жалаң гана айдоочуларды даярдоочу уюм катары кабыл алуу – бул жаңылыш көз караш.

Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамында СТКУ коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат. Бирок, уюмдун негизги максаты, ишмердүүлүгү бул мамлекетибиздин жаштарын идеологиялык жактан тарбиялоого жана аларды Куралдуу Күчтөр муктаж болгон аскердик кесиптерге ээ болушуна көмөктөшүү. Учурда СТКУда билим алып, тарбияланып жана кесипке ээ болуп жаткан курсанттардын жалпы санынын 25%ы аскерге чакырылууда. Жыл сайын СТКУнун мектептерин аяктап чыккан миңдеген курсанттар Кыргызстандын эмгекчилеринин жана мобилизациялык ресурсунун катарын толуктайт. Бул
СТКУ аскердик курулуш иштерине, сырткы жана ички коопсуздукту камсыз кылууга активдүү катышат дегенди билдирет.

1993-жылы Минск шаарында Кыргызстандын демилгеси менен “ДОСААФка көмөктөшүү жөнүндө” өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Ал келишимдин биринчи беренесинде “Мамлекет КМШ өлкөлөрүндө ДОСААФ уюмдарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт” — деген милдеттенме каралган. Ошондуктан, эл аралык келишимди бузуп албоо максатында азыркы кырдаалдан чыгуунун эң эле туура жолу бул так милдеттенме коюу менен СТКУ жана мамлекеттик органдар арасында келишим түзүү туура болот. Ал милдеттенмелерде биринчиден, лицензия берүүнүн жобосу кайра каралып чыгуусу, жобонун талаптарына жооп бербеген мекемелердин лицензияларын жөнөкөй эле чакыртып алуу, экинчиден, автокатастрофалардын күнөөкөрлөрү кимдер тарабынан даярдалган, алардан кимдер сынак алгандыгы боюнча иликтөөлөрдү, талдоолорду жүргүзүү, аларды жоопко тартуу маселелери дагы каралышы керек.

Калыгул Бейшекеев