Айыл чарба министрлиги билдиргендей, 13-14-декабрда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын жарманкеси жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандардын сунуштоосунда уюштурулат.
Жарманке ички рынокту туруктуу камсыздоо жана калкка сапаттуу азык-түлүктү жеткиликтүү баада сунуштоо максатында өткөрүлүүдө.
Министрликтен белгилешкендей, «Жарманке социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоого жана баалардын өсүшүн басаңдатууга багытталган».

