Бишкек шаардык мэриясы кабарлагандай, борбор калаада Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу башталды.
Маалыматка ылайык, жаңы транспорттук коридор шаардын чыгыш тарабы аркылуу өтөт. Чыгыш айланма жолунун жалпы узундугу 16 чакырымга жетет. Долбоор беш ири жол алмашуучу жайды жана Кант тарабындагы көпүрөнүн курулушун камтыйт.
Чыгыш айланма жолунун долбоору боюнча бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери жүрөт:
- Лев Толстой көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (5,7 км);
- Ахунбаев көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (3 км);
- Сухэ-Батор көчөсү — Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (2 км);
- Жукеев -Пудовкин көчөсү – А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин (2,2 км);
Иманалиев көчөсү – Жукеев -Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (3 км).
Жалпысынан жолдун узундугу 32 чакырымга созулат.
Муниципалитеттен белгилешкендей, мэр Айбек Жунушалиев Жукеев-Пудовкин көчөсүн А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин куруу долбоору менен жеринде таанышты. Курулуш иштерине 100гө жакын атайын техника тартылган.
Долбоор транспортторду шаардын аймагынан сыртка чыгаруу, борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтуу жана борбор калаанын жашоочулары, ошондой эле Чүй облусунун жакын аймактары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатын көздөйт.

