Үстүбүздөгү жылы өлкөбүз курулуш тармагында рекорддук өсүш жасап, көрсөткүчтөр жогорку чекке жетти. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына таянсак, Кыргызстанда 2025-жылдын башынан тартып ЕАЭБ алкагында курулуш иштеринин көлөмү буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорулаган. Биримдиктеги өлкөлөрдө курулуш иштери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,5%га өскөн.
Белгилеп айтсак, курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшүндө биринчи орунду Кыргызстан 28,6% көрсөткүчү менен ээлеп, андан кийин Армения 28,3%, Казакстан 15,1%, Беларусь 9,5% жана Россия 4% түздү. Бул өлкөдө инфраструктуралык өнүгүүгө, инвестиция тартууга жана шаар куруу саясатына өзгөчө көңүл бурулуп жатканынан кабар берет. Ушул жерден кыстара кетели, Евразия экономикалык банкынын, башка эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча экономиканын өсүшү жаатында дагы биз алдыдабыз. Маселен, Россия 2%, Беларусь 3%, Армения 5,5%, Казакстан 5,5%, Өзбекстан 6,5%, Тажик-стан 8,4% болсо, биздин өлкө 10,3% менен алдыга чыкты. Баарыбыз билгендей, жакында Кыргызстан дүйнөдөгү тез өнүгүп жаткан 5 өлкөнүн катарына кирген. Бул жалпыбыз үчүн сыймык.
Быйылкы жылы экономикага байланыштуу дагы бир маанилүү окуя болуп, Салык кызматында жаңы тарыхый рекорд жаралды. Салык кызматы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Тагыраагы, 2025-жылга карата план 268,3 млрд сомду түзгөн жана бул көрсөткүч ноябрь айында толугу менен аткарылды. Мындан тышкары, алдын ала маалыматтарга ылайык, жыл аягына чейин жалпы түшүүлөр 300 млрд сомдон ашышы мүмкүн. Бул туруктуу өсүү динамикасын ачык-айкын көрсөтөт.
Курулуш боюнча сөзүбүздү уласак, быйыл өлкө аймагында жалпысынан 668 объекттин курулушу жүрүп, республикалык бюджеттен 15,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул өтө чоң көлөм. Муну менен биздин өлкөдөгү курулуш тармагындагы иштер рекорддук көрсөткүчтү багындырып, буга чейин болуп көрбөгөн чекке жетти. Ушул күнгө дейре 300гө жакын курулуш объекттери аяктап, пайдаланууга берилди. Алардын арасында 102 мектеп, 32 бала бакча, 11 саламаттык сактоо мекемеси бар. Ошондой эле башка багыттардагы курулуштар жүрүп, спорттук жайлар, маданий мекемелер, административдик имараттар жана башкалар курулду.
Эч кимге жашыруун эмес, өлкөбүздө эң чоң көйгөйдүн бири – турак жай эле. Мамлекет жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо ишин да алдыга жылдырууда. Мамлекеттик ипотекалык компания «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууда рекорддук натыйжаларга жетишип жатат. Быйылкы жылдын 11 айында 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Жылдын аягына чейин дагы 1080 батир толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилгени турат. «Мурас» комплексиндеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалып жатканын баса белгилеген. Натыйжада аталган турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат. Жаңырган жылда өлкө боюнча кезекте турган жарандарга 20 миңдей батирди берүү пландалууда. Эске сала кетсек, аталган программанын алкагында республика боюнча, жалпы аянты 4,7 млн чарчы метрди түзгөн 73 миң 357 батирден турган 974 көп батирлүү үйдүн курулушу жүрүп жатат.
Баса, курулуш жаатындагы дагы бир жаңылыкты айта кетпесек болбойт, өткөн аптада Бишкекте “Теңир-Тоо жарыгы” жана “Тянь-Шань Бермети” турак жай комплекстеринин курулушу башталды. Абдрахманов көчөсү 220 дарегинде “Теңир-Тоо жарыгы” долбоорунун жалпы жер аянты 12 миң чарчы метрди түзөт. Долбоор 23-34 кабаттуу 4 блоктон турат. Комплекстин алкагында жалпы аянты 23 000 чарчы метрге жеткен, бийиктиги 120 метр болгон заманбап соода борборун куруу пландалууда. Ошондой эле улуттук колоритти чагылдырган мейманкананын курулушу каралган. Имараттардын төмөнкү кабаттарында коммерциялык жайлар, ресторандар, соода түйүндөрү жана жашоо үчүн зарыл болгон сервистик кызматтар жайгашат. Долбоордун өзгөчө элементи катары 70 метр бийиктикте жайгашкан имараттарды туташтыруучу аэроклуб каралган.
Ал эми “Тянь-Шань Бермети” аттуу жаңы заманбап турак жай комплекси 11 блоктон турат. Батирлердин жалпы аянты 105 600 чарчы метрди түзөт. Бардык мунаралар бирдиктүү архитектуралык стилде долбоорлонгон. Комплекс пайдаланууга берилгенден кийин анын батыш жана түштүк тарабында коммерциялык жайлар ишке кирет. Алардын катарында соода объектилери, ресторандар, кызмат көрсөтүү борборлору, кинотеатр жана эс алуу зоналары болот. Мындан тышкары, жогорку кабаттарда бассейн жана жашыл бакча жайгаштырылат.
Жогорудагы мисалдар далилдегендей, өлкөбүздө улам бир курулушка старт берилип, биринин артынан экинчиси улай ээрчишкен жакшылыктар орун алууда. 30 жылдык тарых эч кимбиздин эсибизден чыга элек, мындай иштердин бири да болгон эмес. Чоңдордун ичип-жегенинен башка нерсени билбей өткөрдүк. Башыбыз саясаттан чыкпай, жалаң тополоңдор менен жүрдүк. Албетте, ошондой башаламан жашоодон пайда таап көнгөндөр азыр да азуусун айга бүлөп, эскини эңсеп жаткан жайы бар. Бирок, аларга мындан ары жол берилбейт. Биз азыркы багытыбыздан тайбай, өнүгүүгө карай өрүш ала беришибиз керек.
Зулпукаар Сапанов

