"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Таластын төө буурчагы Дубайга сатылат

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Биринчи радиого берген маегинде күз мезгилинде төө буурчактын баасы кескин төмөндөгөндө дыйкандарды колдоо максатында 100 млн сом бөлүнүп, мамлекет тарабынан 1 000 тонна төө буурчак килограммы 95 сомдон сатып алынганын билдирди.

Министр төө буурчактын баасы январь–февраль айларында жогорулашы мүмкүн экенин айтып, учурда продукцияны Индия, Иран, Россия, Түркия жана Дубайга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Таластагы дыйкандарга кант кызылчасын жана сафлор өстүрүүнү сунуштап, сафлордон май, жем жана малга тоют алынарын кошумчалады. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сафлор майын өндүргөн 50дөн ашуун чакан ишкана иштеп жатат.