"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Ички аба каттамдарынын баасы турукташат

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкө ичиндеги аба каттамдарынын баасы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымадап, 2026-жылга карата ички каттамдардагы билеттин баасы базар баасынан төмөнкү чекте белгиленгенин билдирди.

Алагөзовдун айтымында, бул кадам айрыкча алыскы райондордо жашаган жарандарга ыңгайлуу шарт түзөт.

«Кыргызстанда жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга, аймактык байланыштарды чыңдоого жана өлкө боюнча транспорттук инфраструктурага бирдей шарттарды түзүүгө багытталган «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында масштабдуу программа ишке ашырылууда. Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана кубаттоосунун аркасында өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын багыттары боюнча туруктуу, социалдык багыттагы тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейүүдө. Бул демилге социалдык мүнөзгө ээ жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн гана ишке ашырылууда. Буга чейин ички каттамдар боюнча билеттердин баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген», — деп жазды өлкө башчынын басма сөз катчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Чечим өлкө ичиндеги байланыштарды бекемдөөгө, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө жана ички туризмдин өнүктүрүүгө багытталган. Аны менен бирге буга чейин Нарын, Талас жана Казарман багыттарына каттам 1 гана жолу аткарылса, 4-январдан тартып жумасына эки жолу каттай баштайт.