Талас облусунда балдар үчүн салттуу жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Иш-чараны Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурду.
Майрамга облустун ар тарабынан келген 400 бала — жакшы окуган окуучулар, көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар өспүрүмдөр катышты.
Майрам учурунда балдарга жаңы жылдык куттуктоолор айтылды. Аны менен катар Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрынын артисттери «Үйдө жалгыз» тасмасынын негизинде театрлаштырылган оюн-зоок программасын тартуулашты.
Иш-чаранын соңунда бардык балдарга атайын даярдалган жаңы жылдык белектер тапшырылды.

