"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул качан төлөнө баштайт?

Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы 2026-жылдан тарта Кыргызстанда бийик тоолуу райондордогу үй-бүлөлөргө жаңы жөлөк пул бериле баштарын кабарлады.

Маалыматка караганда, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөк пулу, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Бул жөлөк пулду дайындоого жарандардын арыздары 2026-жылдын январынан баштап кабыл алынат жана 2026-жылдын 1-февралынан баштап 3000 сом өлчөмүндө төлөнө баштайт.

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөк пулун дайындоо үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылышы керек.