"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Айыл чарба тармагында жылдык өсүш байкалды

Кыргызстанда 2025-жылы айыл чарба продукциясын дүң өндүрүү 437 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 102%га жогору экенин айтты.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде айыл чарба тармагындагы макроэкономикалык туруктуулук сакталды. Ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүш көлөмү 95 миллиард 230 миллион сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 15 миллиард 31 миллион сомго көбөйдү. Өлкө калкы негизги тамак-аш азыктарынын 9 түрүнүн ичинен 6 түрү — сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер жана жумуртка менен толук камсыздалды.

Мындан тышкары, 2025-жылдан тартып жеңилдетилген насыялар 5 мамлекеттик программанын алкагында бериле баштады. Бул багытка 12 миллиард 242 миллион сом каралып, анын 11 миллиард сомдон ашыгы өздөштүрүлгөн.