5 жылга чукул убакыттан бери мал киндиктүү Нарын районун башкарып келген Нуридин Султанович менен, жыл аяктап баратканда адат болуп калган маегибизди уюштурдук. Район башчы жыл соңунда бир эседен ишинин жыйынтыгы тууралуу район элинин алдында агынан жарылып, буга удаа келечекке карай пландары менен бөлүшүп жаткан кербези.
Маектеш тууралуу маалымат:
Мадимаров Нуридин Султанович – 1968-жылдын 26-январында Ош облусунун Ноокат районунда туулган.
1985–1986-жылдары Ош облусунун Кызыл-Кыя заводунда жумушчу.
1986–1988-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик милдетин өтөгөн.
2006–2008-жылдары Ош облусундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн, Кызыл-Булак, Толо-Булак айылдарынын айыл башчысы.
2013–2021-жылдары Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы.
2021-жылдын 22-майынан тарта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -акими.
Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.
– Нуридин Султанович, туура 1 жыл мурунку маегибизде Нарын районуна машина чогултуучу заводду жайгаштырууну пландап жатканыңыздарды жар салдыңыз эле. Андагы демилге канчалык деңгээлде ишке ашты? Же ооздон чыккан “жел сөз” боюнча эле ара жолдо калдыбы?..
– Ооба, андай жагымдуу жаңылыкты дал ушул силердин гезит аркылуу жар салганым чын. Учурда 6 га жер аянты өнөр жай зонасына трансформация болуп, Министрлер Кабинетинен тескемеси чыккан. Ушул күндөрү “Джейэмей деволопмент” аталышындагы Кытай компаниясы менен машина чогултуучу завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жакынкы күндөрү бул иштер боюнча келишим түзүү күтүлүүдө. Райондук мамлекеттик администрация тарабынан белгиленген жер тилкесинин айланасынын тосмосу, электр энергиясы орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып бүттү. Аталган кытай компаниясы тарабынан жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана атайын кеңселер салына баштады. Дал ушул ишке байланышкан инвестициянын көлөмү 160 млн долларды чамалайт. Азыр кыш келип калганына байланыштуу жаз айлары менен заводду куруу иштери толугу менен башталат.
– Толук 2 жыл мурун “Нарын районунда алтын өндүрүлүп, бышкан кирпич чыгарылганы турат” деп маек бергениңиз эсимде. Ошол тилегиңиз ишке ашты беле? Же ал демилге “туулбай туна чөккөнбү?”
– Мен андай кубанычтуу жаңылыкты азыр дагы сыймыктануу менен айта алам. Азыркы убакта Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук тилкесинде “Жонжи Майнинг” аталышындагы Кытай компаниясы алтын өндүрө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында аталган компания 850 кг алтын куймасын өндүрүп, республикалык казынага салык түрүндө 1,5 млрд сомдон ашык каражат которду. Андан сырткары жергиликтүү Миң-Булак айыл өкмөтүнө 50 млн сомдон ашык салык төгүмдөрүн төгүштү. Ошондой эле аталган айыл өкмөтү Кытайлык компания менен меморандум түзүп, жогорудагы салыктан тышкары дагы 50 млн сом өкмөттүн өнүктүрүү фондуна төлөп берет. Мындай изги иштердин арты менен Кудай буюрса келээрки 2026-жылы райондогу Миң-Булак айыл өкмөтү толугу менен дотациядан чыгат. Ал эми кыш чыгаруучу завод быйылкы жылы курулуп, алгачкы өндүрүмдөрү болгон чийки кышты чыгарды. Эмки жылы Жараткан жалгаса, бышкан кыштарды чыгара башташат. Буга кошумчалаар сөз, узап бараткан 2025-жыл районубуз үчүн акжолтой жыл болду. Үстүбүздөгү жылы район ичинде 4 өндүрүш ишканасы, тагыраагы, тооктун этин даярдоочу завод, бир бетон жана эки асфальт заводу ишке берилди. Районубуздагы мындай өндүрүш ишканаларынын ачылышы менен сырткы жана ички инвестициялар тартылып, 1,5 миңден ашык адам жумуш орундары менен камсыз болушту.
– Мындай ийгиликтүү изги иштер эмнеден улам дал ушул Нарын районунда жүз берип жатат деп ойлойсуз? Район үчүн, андагы жергиликтүү эл үчүн алдыңкы жылдарга карай кандай жагымдуу жаңылыктарыңыз бар?
– Тынбаган мээнет менен үзгүлтүксүз аракеттерибизден улам го деп ойлойм. Биз мындай изги иштерибиз менен чектелип калбай, алдыдагы 2026-жылы районубуздун ар тараптуу өнүгүшү үчүн көп жакшы пландарыбыз бар. Эң негизгиси, жергиликтүү элибиздин суроо-талаптарын убагында аткарып, урматтуу Президентибиздин, Министрлер Кабинетинин берген тапшырмаларын так, өз убагында бүткөрүп, районго тышкы жана ички инвестицияларды тартып, өндүрүш ишканаларын ачып, элдерге жумуш орундарын түзүп берүү менин жетекчи катары артыкчылыктуу багытым деп эсептейм. Ошондой эле район жашоочуларынын ден-соолугуна кам көрүү, балдарыбызга татыктуу билим, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жоюу, жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жемкорлукка барбоосу боюнча жумуштарды күчөтүү менен жогорудагы мен тизмектеген изги иштерди Нарын районунда жүзөгө ашырып жатабыз деп ойлойм. Эң башкысы ишибизди эл бааласа болгону.
– Учурда өлкөбүздүн көпчүлүк алыскы аймактарында, анын ичинде Нарын облусунда ички миграциянын айынан айылдарда кары-картаңдар менен мектеп окуучулары гана калса, айрым айылдарда 40-50дөн ашык үйлөр бош турганы таңыркаткан жаңылык деле болбой калды. Мындай көрүнүштөн Нарын району деле куру болбосо керек…
– Туура, бүтүндөй өлкө аймагын каптаган ички миграция Нарын районунда да жок эмес. Соңку жылдары өлкөбүздө, анын ичинде биздин райондо жана жалпы Нарын облусунда өтө чоң курулуш тармагында жумуштар болуп жатат. Бул жагын да адилеттүүлүк үчүн кеп кезеги келгенде баса белгилеп коюш абзел. Мамлекет тарабынан мектеп, балдар бакчалары, спорт залдар, жолдор, андан тышкары өндүрүш ишканалары курулууда. Мунун арты менен көптөгөн жумушчу орундары түзүлүп, ички жана сырткы миграциянын агымы кыйла азайды. Албетте, ички миграциянын агымы таптакыр буулуп калды дегенден алысмын. Болгону соңку жылдары жумуш орундарынын түзүлүшү менен ички миграция кадимкидей азайып баратканын баса белгилегим келет.
– Соңку суроом, ротация саясатынын эпкини менен келген жетекчи катары Нарында жүрүп эмне таптыңыз? Дегеле Теңир-Тоодон тапкан олжоңуз эмне болду?
– Ротация саясатынын эпкини менен Нарын жергесине келип, эң биринчиден жумушумда чоң тажрыйба алдым. Турмуштан тапкан табылгам катары жоро-жолдош, дос-тааныштарды таптым. Касиеттүү Теңир-Тоо жери мен үчүн экинчи кичи мекеним болуп калды. Теңир-Тоону жердеген тоо мүнөз, карапайым жүрүшүнөн жазбаган тоолук элдин ашкере меймандостугу, кыргыздын нукура каада-салтын тутунган көрөңгөлүү жүрүштөрү, жаратылышынын ажайып кооздугу, абасынын тазалыгы, байыркы тарыхый жерлери менен өзгөчөлүгү мени кадимкидей арбап алды десем болот. Мындай карапайым эл менен иштешүүнү маңдайыма жазган Жаратканга ыраазымын. Алдыңа мүмкүнчүлүк келип, оомат болуп турганда касиеттүү Нарын элине баш көтөрбөй гана иштеп берүү менин учурдагы алтын эрежелеримдин бири деп билем.
Калыгул Бейшекеев

