"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Аэропорттордо зер буюмдарды пробадан өткөрүүчү лабораториялар ачылат

Кыргызстанда импорттолгон зер буюмдарды түз эле аэропорттон пробадан өткөрүүгө шарт түзүлөт. Бул тууралуу 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, азыр зергерлер импорттолгон буюмдарды өзүнчө имаратка алып барып, кезек күтүп пробадан өткөрүүгө мажбур. Бул көп убакытты алып, ашыкча түйшүк жаратууда.

Маселени жөнөкөйлөтүү үчүн Тамчы, Ош жана Бишкек аэропортторунда пробадан өткөрүүчү атайын лабораторияларды ачуу тапшырмасы берилди. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Долбоор ишке ашса, аэропорттордо зер буюмдарга эн тамга коюуга мүмкүнчүлүк берген заманбап лабораториялар иштей баштайт.