"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом Кыргыз Республикасынын Президенти Маанилүү

Алгачкы күн электр станциясы ишке кирди

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы бул долбоор энергетика тармагында гидроэлектр станцияларына кошумча күн жана шамал энергиясын өндүрүү максаттарынын иш жүзүндөгү көрүнүшү экенин белгиледи.

Анын айтымында, Кеминде күн электр станциясынын ишке кириши өлкө үчүн маанилүү жана тарыхый кадам болуп саналат. «Эми биз чакан ГЭСтерди куруудан сырткары, жаңы электр булагы катары күн электр станциясынан да электр кубатын ала баштайбыз», — деди Президент.